Бул китеп Джош Макдауэллдин «911 Долбоору. Психологиялык тез жардам» кызматынын бир бөлүгү. Кызматтын максаты — жаштар менен чоӊ адамдардын тил табышууга келүүсү жана Кудайдын эркине негизделген мамилени үй-бүлөсүндө жакшыртуу.
Джош Макдауэлл
Эд Стюарт
ЧЫР-ЧАТАКТАР, КЕЛИШПЕСТИКТЕР
Ыраазычылыктар
Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду;
Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган;
Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз.
Кендин окуясы
Атасы бөлмөгө кирген кезде, он беш жаштагы Кен эмне деп айтаарын билип турду. Окуу жылынын ичинде мындай сүйлөшүүлөр жумасына жок дегенде эле бир жолу, кээде андан да көп жолу кайталанчу болду.
— Сени үй тапшырмаларын жазып жатат деп ойлогон элем, — деди атасы. Ал Кендин башына кийилген наушниктерин чечип, керебеттин жанындагы столдун үстүнө коюп койду. Атасынын мындай мамилеси Кендин ачуусун келтирди: кичине кезинде атасы анын сүйүктүү оюнчугун алып койгондой, ал өзүн жаш баладай сезе түштү.
Атасы кирип келгиче музыка угуп жаткан Кен ордунан туруп керебетке отурду.
— Мен үй тапшырманы аткарып жатам, — деди ал, барактын жарымына чейин англис тили сабагынан жазылган дептерин көрсөтүп.
— Мынабу ызы-чуусуз, сабагыӊды жакшыраак аткармаксыӊ, — деди атасы Кендин плеерине тагылган наушниктерди көрсөтүп. Столдун үстүндөгү наушниктерден музыканын дабышы дагы деле чыгып жаткан, бирок анын үнү акырын чыгып, кандайдыр бир металликалык үнгө окшош эле.
— Ата, бул ызы-чуу эмес, бул музыка. Болгондо да
Атасы кадимкисиндей эле, акыл үйрөтчү калыбын алып, эки колу менен бөйрөктөрүн таянып карады.
— Кеннет, бул музыка эмес. Анын дабышы кимдир бирөө кашыктар менен таштанды челектерин ургулап жаткан дабышка окшош. Эгерде бул топ өзүн машаякчылар тобубуз деп айтып жатса эле, алардын ырлары Кудайдан дегенди билдирбейт, — деди.
Кен өзүнүкүн бергиси келген жок. «
— Андан тышкары, — деп атасы сөзүн улантты, — мен эч качан телевизорду же радиону иштетип коюп үй тапшырмаларды жаза алмак эмесмин. Бул көӊүлүӊдү бир жерге топтоого тоскоолдук кылат эмеспи.
— Сен убактыӊды бекер эле өткөрбөшүӊ керек, Кеннет. Сен барган сайын начар окуй баштадыӊ. Уулум, сен биринчи класста эмессиӊ да. Эгерде азыркы бааларыӊ менен университетке барууну кааласаӊ, анда көбүрөөк аракет кылышыӊ керек.
— А бул эмне? — деди атасы тынчтана албай. Ал Кендин керебетинин жанында турган бут кийим салынчу коробканы көрсөттү.
— Бул менин бейсболдук открыткаларым[1].
— Мен бейсболдук открыткалар экенин көрүп турам, — деди атасы кыжырдана. — Сен сабак окушуӊ керек да, анда алар эмне үчүн бул жерде экендигин билгим келип турат?
— Ата, мен сабак окуп жатам го, ата! — деди Кен да кыжырдана. — Мен эс алган учурларда аларды карайм.
— Убакытты бекер коротуу үчүн дагы бир азгырык, — деди атасы бекем. Анан ал открыткалар салынган коробканы алуу максатында колун сунду.
Кен коробкага жабышып:
— Ата, бул менин хоббим. Тынчсызданбай эле кой, мен бул открыткаларды кээде эле карайм, ошондуктан англис тили экзаменин жакшы тапшырам, — деди. Кендин сөздөрү өтө орой жана сарказм менен чыкты, бирок ал коробканы атасынын колунан ала албай жатканына өкүнүп турду.
— Мен бул открыткаларды, сени алаксытпашы үчүн алып кетем, — деди атасы коробканы өзүнө тартып.
Кен коробканы кое берип, атасы менен талашты токтотушу керектигин билип турса да, кыжыры келип тургандыктан ичиндеги акылдуу кеӊешти уккусу келген жок.
— Алар мени алаксыткан жок, ата! Мен булар менен деле тапшырмаларды жасай алам…
Ушинтип талашып жатканда, Кен кармап турган коробканын бурчу айрылып кетти. Үч жүздөн ашык открыткалар керебеттин үстүнө жана полго чачылып калды. Атасы болсо колунда бош калган коробканы кармап турду. Кен өжөрлүгү үчүн өкүнүп турду, бирок кайта-кайта эле ата-энеси ага өздөрүнүн жашоо образын таӊуулай бергенине баш ийүүдөн тажап кеткен эле. Буга чейин ал эч качан мынчалык каршылык көрсөтчү эмес, ошондуктан эми эмне болорунан бир аз коркуп турду.
Атасы болсо чачылган открыткаларды карап, андан кийин уулун карады. Ошондо Кен эми анын открыткаларынан эч нерсе калбайт деп ойлоду. Бирок мунун ордуна атасы коробканы ыргытып жиберди да, столдун үстүндөгү плеер менен компакт-дисктерди футляры менен чогуу жыйнап алды.
— Мындан ары буларды көзүм көрбөсүн, — деди ал чачылган открыткаларды көрсөтүп. — Сенин орто баллыӊ жогоркуга чейин көтөрүлмөйүнчө, сен музыка деп жаткан нерсеӊди укпайсыӊ, — деп эшикти жаап бөлмөдөн чыгып кетти.
Ушунчалык туталанып тургандыктан Кен ыйлагысы келип жатты. Ата-энеси ага дайыма нааразы болушчу: эгерде мектептеги баалары же музыка болбосо, анда чачынын кыркылышын, кийингенин же досторун жактырышчу эмес. Кендин бейсболдук открыткаларынын жыйнагын алар жеӊил ойлуулук жана пайдасыз деп ойлошчу (алардын айтымында, ал спорт менен машыкса жакшы болмок). Качан Кен аларга өзүнө жаккан нерселер жөнүндө айтууга аракет жасаган кезде, алар таптакыр угушчу эмес. Ал өзүнүн бейсболдук жаӊы открыткасы менен, же машаякчылардын музыкасы жаздырылган жаӊы компакт-диски менен мактанайын деген кезде, аларга бул кызыктуу эмес болчу. Кен ата-энесинин мамилесинин кайсынысы: алардын активдүү жактырбаганы же пассивдүү кош көӊүлдүүлүгү, анын кыжырын келтирерин билчү эмес.
Плеери менен музыкасынан ажырап калганы, албетте, жаман болду. Бирок атасы Кендин открыткалар жыйнагын да алып кетип, же аларды жок кылуусун талап кылбай, жөн гана көргүсү келбегендигин айтканы бир аз сооротуп турду. Кен шкафтан кроссовкалар салынган бекем коробканы алып чыкты да, ачууланган бойдон чачылган открыткаларын анын ичине жыйнай баштады. Мындан ары атасы үйдө жок болгон кезде гана открыткаларын алып чыгып, ал эми ал үйдө болгондо катып жүрүүнү чечти. Ал үйдө жүргөн кезде өзүн жашырынып жүргөн шпиондой сезди. Ал эми атасы анын музыкасын алып койгондо, өзүн түрмөгө камалгандай сезе баштады.
Кечки саат онго жакын Кен төшөккө жатып алган эле. Ал үй тапшырмасын ошол боюнча бүтүргөн жок. Атасы экөөнүн жаӊжалынан кийин окууга таптакыр көӊүлү келбей калган эле. Анын дагы бир жолку аткарылбаган тапшырмасы мектептеги окуусун дагы көбүрөөк начарлата турганын ал билип турду. Бирок азыр мунун кандай мааниси бар? Ал канчалык аракет кылбасын, баары бир колунан эч нерсе келбейт. Анда аракет кылуунун не кереги бар?
Апасы менен атасы, адаттагыдай эле, чоӊ бөлмөдө телевизор көрүп отурушкан, ошондуктан алар Кендин бөлмөсүнүн жарыгы өчүрүлгөнүн байкашпайт. Кен муну жакшы билчү. Алар азыр көп сүйлөшүшпөйт. Жок, Кен ата-энесинин мурункудай анын бөлмөсүнө келип, төшөгүн оӊдоп, ага китеп окуп беришин, аны менен чогуу сыйынып бүткөндөн кийин бетинен өөп турушун каалаган жок. Бул анын карындашы үчүн көнүмүш адат, бирок ал үчүн эмес. Ошентсе да, уйкунун алдында баарлашуунун жоктугу бир аз жагымсыз эле. Ата-энеси аны менен урушканда же акыл үйрөткөндө гана сүйлөшчү, кучакташуу жөнүндө сөз да кылып кереги жок, анткени алар анын бутун дивандан түшүрүш үчүн түрткүлөгөндө гана ага колдорун тийгизишчү.
Караӊгы бөлмөдө жатып алган Кен ичинен сыйынып жатты:
Кен сыйынып жатканда, анын мамилеси үйүндөгүлөр менен гана начар болуп жатпаганын эстеди. Анын көз алдында жыйындагы досу Тодд Уоллестин бети тартыла түштү. «
Кен өзүнүн сыйынуусуна: «
Уйкуга кетээр алдында Кен Даг Шоу жөнүндө эстеди. Даг, колуктусу Джинни экөө, Кендин үй-бүлөсү барган жыйындагы жаштар кызматын уюштурган ыктыярчылар эле. Эки жыл мурда ата-энеси аркылуу жыйынга жаӊы келген Кенге Ыйса Машаякты кабыл алуусуна жардам беришкен болчу. Кен жыйындагы жаштар тобун жакшы көрчү жана Дагды өзүнүн руханий агасы деп эсептечү. Даг жыйындын жаштарына, эгерде алар бир нерсе жөнүндө сүйлөшкүсү келсе, анда алар Джинниге же ага каалаган убакта кайрылышса болорун айткан эле. Алар таанышкандан бери биринчи жолу Кен Даг менен сүйлөшкүсү келип жатканын сезди.
Кийинки күнү Кен мектептен кийин Даг менен Джинни иштеткен кичинекей басмакананы көздөй жөнөдү. Ал жерге жетүү үчүн ага алты квартал жөө басып өтүүгө туура келди. Даг ордунда болуп, аны менен сүйлөшүүгө убакыт таба алса экен деп үмүттөнүп бара жатты.
Басмакананын ичине киргенде Кен өзүн бир аз ыӊгайсыз сезе түштү. Анткени ал мурда ушинтип эле, алдын ала эскертпестен келчү эмес. Балким, алдын ала чалып, жолугушууну макулдашып алышы керек беле? Ал Дагга эмне деп айтмак эле? «Салам Даг, билесиӊби, менде бир маселе бар. Сен жумушуӊду кое туруп, мага жардам бере аласыӊбы?» — десе, анчалык деле жакшы угулмак эмес. Бирок Кен бул жөнүндө тынчсызданбай эле койсо болмок экен. Компьютеринде бир нерсенин макетин жасап жаткан Даг кирип келе жаткан Кенди көрөр замат кубанычтуу үн менен:
— Салам, Кен! Кандай сонун сюрприз! Сенин келгениӊе абдан кубанып жатам, — деп саламдашты ал.
Кардарларды тейлеп жаткан Джинни да аны көрөр замат жылмайып, кол булгалап койду. Кен да ага жооп катары колун булгалады.
— Кен, эки мүнөт күтө турасыӊбы? — деди Даг. — Мен азыр тыныгуу жасайм. Мен сени менен бир нерсе сүйлөшөйүн дедим эле. Анан экөөбүз суусунубузду кандырабыз.
— Албетте, — деп башын ийкеди Кен. Дагдын меймандос мамилесинен Кен өзүн күн тартибин бузган тоскоолдук катары эмес, сыйлуу конок катары сезе түштү. Кенге анын үйүнөн так ушундай мамиле жетишсиз болуп жаткан, себеби үйүндө ал өзүн чакырылбаган коноктой же керексиз жүктөй сезчү.
Беш мүнөттөн кийин, басмаканасын Джинниге таштап, Даг менен Кен жакын жайгашкан кафелердин бирине жөнөштү. Жолдо бара жатып Даг Кенди далысынан кучактап алды.
— Өткөн дем алыш күндөрү өткөргөн жакшы кабар таратуу кызматында көрсөткөн жардамыӊ үчүн, сага чоӊ рахмат айткым келген болчу, — деди Даг. — Колонкалар менен проводдордун бардыгын ирээтке келтирип жатканыӊды көрүп аябай ыраазы болдум.
Кен анын пайдалуу иш кылып жатканын жок дегенде бир адам көргөнүнө кубанды. Ошол күнү ал чындан эле колонкалардан үнү жакшы жана туура чыгышы үчүн көп эмгектенген эле, бирок муну кимдир бирөө байкаганы жөнүндө ойлогон да эмес.
— Мен мындай иш менен алектенгенди жактырам, — деди ал. — Жана керек болуп калсам, жардам берүүгө даярмын.
Алар бир стакандан шире алышып, столго отурушту. Ошол жакшы кабар тараткан күндүн музыкалык бөлүгү канчалык жакшы уюшулганы жөнүндө, Машаякка канчалык көп өспүрүмдөр ишенип калганы жөнүндө эстеп, сүйлөшүп жатышты. Алардын убактысы аз экендигин жана Даг кайрадан жумушуна кайтышы керектигин Кен түшүнүп турду. Ошондуктан ал өзүнүн Дагга келген себеби жөнүндө айтпай койсо деле болмок, бирок эгерде ал кимдир бирөө менен сүйлөшпөсө, анда үйүндөгү абал мурункусунан да күчөп кетери анык экенин Кен билди.
— Даг, менде сыйынуу муктаждыгы бар, эгерде каршы болбосоӊ, ушул жөнүндө сени менен сүйлөшкүм келген, — деди Кен. Ал колундагы шире иччү түтүкчөсүн толкундана кармалап жатты.
— Албетте, Кен, — деди ишендире Даг. — Эмне жөнүндө сыйыналы?
Буга чейин Кен бул жөнүндө Кудайдан башка эч кимге айткан эмес. Ал өзүнүн ата-энеси менен жакын досу Тоддго болгон таарынычы жөнүндө башка адамга айтууга мажбур болуп жатканын ойлогондо, тамагы буула түштү.
— Мен… менин ата-энем менен мамилем жакшы эмес. Биз акыркы убактарда жакшы тил табыша албай жатабыз, — деп баштады Кен. Ал атасы менен болгон бейсболдук открыткалар үчүн акыркы жолку талашып-тартышканы жөнүнө айтып берди. — Мен эмне кылсам да, бардыгы туура эместей сезилип жатат. Алар дайыма мага асыла беришет, бирде угуп жаткан музыкам үчүн, бирде кийинген кийимим үчүн, бирде мектептеги бааларым үчүн. Алар деги эле мен ким экендигиме же эмнени жактырарыма эч качан кызыгышпайт. Кээде мен үйдө өзүм жалгыз эле жашай тургандай сезилет. Алар мени чындап эле жакшы көрөрүнөн шектенем, — деди. Ушул сөздөрдү айтканда Кендин көзүнөн жаш агып кетти.
Дагдын жүзү кайгылуу болуп турду.
— Кен, сага азыр кыйын болуп жатканын түшүнүп турам. Сенде ушундай шектенүүлөр пайда болгону өтө кайгылуу. Сен үчүн жүрөгүм ооруп турат, — деди Даг.
Кен үстүнөн оор жүк түшкөнүн сезди. Дагдын анын абалын түшүнүп, ага боору ооруп турганына, өзү күтпөгөндөй жеӊилдене түштү. Анан кайраттана түшкөн Кен Дагга өзүнүн досу Тодд Уоллес менен мамилесинин кыйынчылыктары жөнүндө айтып берди.
Даг бир азга унчукпай турду, анан:
— Мага ата-энеӊ менен болгон мамилеӊ жөнүндө көбүрөөк айтып берчи, — деп суранды.
— Сен эмнени билгиӊ келип турат?
— Сен атаӊ менен мамилеӊди кандайча сүрөттөйт элеӊ?
Кен стакандагы түтүкчөсүн алып чыгып, андагы шире стаканга тамчылап жатканын карап турду.
— Мм, эгерде мен жөнүндө, башкача айтканда, менин туура эмес жасаган нерселерим жөнүндө гана сүйлөшпөсөк, биз таптакыр эле сүйлөшпөйбүз. Ал өзүнүн жумушу менен, хоббиси менен алек.
— Сенин атаӊ сага убакыт бөлөбү?
Кен акырын гана башын чайкап койду.
— Жок.
— Сен эмне жасасаӊ да, ага жакпай жаткандай сезилеби?
— Мен жасаган нерсенин
Даг Кенге анын ата-энеси менен болгон мамилеси жөнүндө дагы бир нече суроолорду берди. Андан соӊ ал анын Тодд менен достугу жөнүндө абайлап сурады. Кендин ар бир жообу анын жүзүндөгү капаланууну көрсөтүп турду.
Акырында Даг:
— Кен, мен басмаканага кайтышым керек. Бирок биз кайрадан жолугуп, сенин үй-бүлөӊ жана досуӊ менен болгон мамилеӊе кайрылабыз. Макулбу? — деди.
— Ооба, албетте.
Жекшемби күнү Кен да, Даг да жыйынга эрте мененки тогуз жарымдагы чогулушка келишкендиктен, алар чогулуштан кийин жолугууну макулдашышты. Даг жекшембилик балдар чогулушунун бир бөлмөсү бош болорун айтканда, Кен дароо макул болду.
— Азырынча болсо, — деди Даг — мен сени жакшы көрөрүмдү жана сен жөнүндө тынчсызданып жатканымды билишиӊди каалайм. Ата-энеӊ сени түшүнбөй жатканы жөнүндө жана Тоддун сага карата жасаган мамилесинин өзүмчүлдүгү жөнүндө ойлоо канчалык оор экенин мен түшүнөм. Мен сага жардам бергим келет жана сен үчүн сыйынып турам. Кел, азыр эле сен үчүн сыйынайын.
Даг Кудайдан Кенди сооротуп берүүсүн сурап сыйынып жатканда, Кен ыйлап жибербөөгө болгон аракетин жасап жатты.
Алар кош айтышкандан кийин, Даг өзүнүн басмаканасына кетти, ал эми Кен шашылбастан үйүнө жөнөдү. Ал кеч келгени үчүн үйүндө уруш угаарын билип турду. Ошондой эле ал Тоддго өзүнүн Даг менен сүйлөшкөнү жөнүндө айта албайт болчу. Бирок ал эми мындан ары жалгыз эмес экенин билгени аны сооротуп жатты. Даг анын көйгөйлөрүн билди жана алар жөнүндө кош көӊүл болгон жок. Кен үчүн бул абдан маанилүү эле, эми анын жашоосундагы үч маанилүү адам менен болгон мамилеси жакшы жагына оӊолоруна үмүт пайда болду.
Балким, Кендики сыяктуу, сиздин да ата-энеӊиз менен болгон мамилеӊизде ар кандай себептерден улам келишпестиктер болуп жаткандыр. Сиз атаӊыздан же/жана энеӊизден мактоо сөздөрүнө караганда жемелеген сөздөрдү көбүрөөк угуп, алар сиздин кылган ар бир жүрүм-турумуӊузду, тартибиӊизди, уккан музыкаӊызды, досторуӊузду, мектептеги бааларыӊызды же бош убактыӊызды кантип өткөрүп жатканыӊызды жактырбай, өздөрүнүн нааразычылыгын көрсөтүп жатышкандыр. Балким, алар сиздин туура эмес жасаган иштериӊизди гана байкашып, ар бир сүйлөшүү чыр-чатак жана уруш менен аяктап жаткандыр. Ата-энеӊиз сизге караганда бир туугандарыӊызды көбүрөөк жакшы көрө тургандай сезилип, а кээде алар сизди чындап эле сүйөөрүнөн шектенип жаткандырсыз.
Кээ бир үй-бүлөдөгү жаӊжалдар ушунчалык күчөп кеткендиктен чектен чыга баштайт. Мындай үй-бүлөнүн ата-энелери өз балдарынын күнүмдүк муктаждыктарын, мисалы, үйдө болуу, тамактануу, кийинүү, дарылануу, билим алуу деген сыяктуу дагы башка муктаждыктарын толтурууну таптакыр эле токтотуп коюшат. Ал эми кээ бир учурларда талаш-тартыштар бири-бирин кемсинтүүгө жана уруп-сабоого да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан денелик жактан, сексуалдык жактан же эмоционалдык жактан зомбулукта жана катаал мамиледе өскөн балдар керектүү инстанцияларга кайрылуусу керек, себеби алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралып жатат.
Бирок Кендин үй-бүлөсү сыяктуу үй-бүлөлөрдө ата-энеси балдарына зомбулук же кылмышка шектелген эч нерсени жасашпайт. Тескерисинче, Кендин ата-энеси машаякчылар болгондуктан, алар анын жашоосуна керек болгон нерсенин бардыгын жакшы кам көрүп жатышат. Кен да, анын карындашы да, денелик жактан же сексуалдык жактан зомбулукка кабылышкан эмес. Бирок бир караганда бизге анчалык билинбегени менен, ата-энеси анын эмоционалдык жактан муктаждыгына көӊүл бурбай жатышканы айкын болуп турат. Мына ушул нерсе сиздин да үй-бүлөӊүздө болуп жатышы мүмкүн. Сиздин денеӊизге керектүү муктаждыктарыӊызды толтуруу үчүн ата-энеӊиз колунан келгендин баарын жасап жатышканы менен, баары бир ортоӊордогу мамиледе кандайдыр бир чыӊалуу сезилип турушу мүмкүн, себеби сизге төбөӊүздөгү үй жана үч маал тамактануудан сырткары, сизди сүйүп жана түшүнүп тургандыгы жөнүндөгү сезим да керек экендигин алар түшүнбөй жатышат.
Ал эми башка адамдар менен мамилеӊиз кандай? Бул мамилеӊиз Кен менен Тоддун «достугуна» окшош эмеспи? Балким, бүгүн сиздердин мамилеӊиздер жакшыдыр, ал эми келип чыккан жаӊжалдан кийин, сиздер бири-бириӊизге бейтааныш же болбосо душман да болуп калышыӊыздар ыктымал. Мындай чыр-чатактар ата-энеӊиз, досторуӊуз же дагы башка адамдар менен болуп жатабы, баарынын тамыры бир: сизде эмоционалдык муктаждыктар бар жана качан ушул муктаждыктар толтурулбаган кезде уруш-талаш жана жаӊжалдар пайда болот.
Эгерде айтылган сөздөрдүн сизге кандайдыр бир тиешеси бар болсо, анда сиз билишиӊиз керек болгон үч нерсе бар. Биринчиден,
Башында, келиӊиз, эмне үчүн ата-энеӊиз сиздин муктаждыктарыӊызды билбеши мүмкүн экендиги тууралуу сүйлөшүп алалы. Ата-эне болуу — бул абдан оор иш жана кемчилиги жок ата-эне болбойт. Балдарын тарбиялоодон тышкары, алар жашоонун өзү талап кылып жаткан иштерди жасашы керек. Күн сайын үй-бүлөсү үчүн, жумушу жана карьерасы үчүн, финансылык абал үчүн жана башка нерселер үчүн жоопкерчиликти көтөрүп жүрүү менен, ата-эне кээде балдарына көӊүл бурууга жетишпей калышат. Алар балдарына керектүү көӊүл бура албай калганынын бир нече себептери бар. Балким алар төмөндө жазылган көйгөйлөрдү баштарынан өткөрүп жатышкандыр.
Ата-энеӊиз атайылап эле сиздин муктаждыктарыӊызга көӊүл бурбай же сиздин жашоо образыӊызды жактырбай жатышы мүмкүн эмес. Балким, жогоруда саналып кеткен себептерден улам ушундай болуп жаткандыр.
Ушуга окшогон себептер досторуӊуз жана башка адамдар менен болгон мамилеӊизде да камтылышы мүмкүн. Көп учурда досторуӊуз сиздин эмоционалдык муктаждыгыӊыз жөнүндө билишпейт, анткени алар өздөрүнүн гана көйгөйлөрү менен алек болушат, же кам көрүүчү дос кандай болушу керектигин билишпейт, себеби өздөрү жөнүндө гана ойлошот.
Кен ата-энеси жана досу менен келише албай жаткан мамилелери жөнүндө гана ойлой бергендиктен, бул анын мектептеги жетишкендигине да таасирин тийгизе баштаган. Ата-энеси тарабынан колдоо менен кызыгуу жок болгондуктан, Кендин сабакка болгон кызыгуусу жоголуп, эч нерсеге көӊүлү келбей калган.
Үйдөгү көйгөйлөр сиздин күнүмдүк жашооӊузга кандай таасирин тийгизип жатат? Адамдардын бири-бири менен чатакташуусу көптөгөн начар натыйжаларга алып келет.
Сиз өзүӊүздү керексиз жана пайдасыз сезесиз.
Кен сыяктуу эле, сизде да окууга болгон кызыгуу жоголуп, көӊүл бурууӊуз азайып кетиши мүмкүн. Ал эми бул болсо сабактардан артка калууга алып келет.
Жакын адамдарыӊыздын сизге көӊүл буруусу жетишпегендиктен, сиз руханий жактан жана адеп-ахлактуулук жактан терс таасирин тийгизген адамдар менен мамилелеше башташыӊыз мүмкүн.
Сиз үчүн жаӊы мамилелерди түзүү кыйын болот.
Сиз өзүӊүзгө көӊүл бурууну талап кылып же сизди этибарына албай жатканы үчүн ата-энеӊизге каршы чыгып, же досуӊузду таарынтып, аларды «жазалоого» болгон каалоо пайда болот.
Чыныгы жакын мамиленин жетишсиздиги сиздин алкоголь ичимдигин же баӊги заттарды колдонууӊуздун себеби болуп калышы мүмкүн.
Жакын мамиленин жетишсиздигин толтуруу үчүн сиз жыныстык катнашка барууга азгырыла башташыӊыз мүмкүн.
Башкалар менен тил табышууну үйрөнүү үчүн жана уруш-жаӊжалдын кесепеттерин жок кылуу үчүн сиз эмне кыласыз? Буга Кен Майерс жакшы үлгү боло алат. Ал өзүнүн досу жана руханий насаатчысы болгон Даг Шоуга кайрылып, өзүндөгү көйгөйлөрдүн бардыгын айтып берди. Мындай жаӊжалдар сизде айласыздык, депрессия, үмүтсүздүк, жалгыздык, коркунуч жана ачуулануу сыяктуу ар кандай сезимдерди ойготушу мүмкүн. Ушул абалыӊыз үчүн сиз болуп көрбөгөндөй ыйлашыӊыз жана эмоционалдык боштукту сезишиӊиз мүмкүн. Ошондой эле ата-энеӊизге, досторуӊузга жана ушул нерсенин болушуна жол берип жатканы үчүн Кудайга да ачууланышыӊыз мүмкүн.
Бул сезимдердин бардыгы нормалдуу жана кадимки эле сезимдер экендигин билүү өтө маанилүү. Кудай сизди ушундай кылып жаратып койгон. Сиздин эмоцияларыӊыз — жан дүйнөӊүздүн кыйналып жаткандыгын сыртка чыгаруучу клапан сыяктуу. Эмоцияларды чыгаруунун пайдалуу да, зыяндуу да ыкмалары бар.
Кен Дагга келип, ага өзүнүн сезимдери менен кыйналганын айтып берүү менен, абалды оӊдоого карата биринчи туура кадам жасаган. Ыйса: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мат.5:4), — деп айткан. Көз жаш аркылуу жан дүйнөӊүздү толтурган кайгыӊыз сыртка чыгат. Башка адамдар сиздин кайгыӊызды бөлүшө алышы үчүн, өзүӊүздүн кайгыӊызды алар менен бөлүшүӊүз. Мына ушундай жол менен Кудай сизге батасын берип, сизди курчаган адамдар менен болгон мамилеӊиздин чыӊалуусун азайтып, ичиӊиздеги кайгыӊыздан бошотууну каалайт. Ушул учурдагы сизди толтуруп жаткан түрдүү эмоцияларды башыӊыздан өткөргөнүӊүз сизге пайдалуу боло алат.
Өзүӊүздүн кайгыӊыз менен бөлүшүп жатканда, сиздин эӊ эле чоӊ муктаждыгыӊыз — бул сооронуу жана башка адамдардын колдоосу. Даг Кен ага өзүнүн окуясын айтып бергенде, ал үчүн так ушул нерселерди жасаган. Ал анын кыйналып турганын сезип, кайгысын теӊ бөлүшкөн. Качан биздин жан дүйнөбүз азап тартып жаткан кезде, биз башка адамдардын сооротуусуна муктажбыз. Кудай Өзүнүн сооронучун бизди курчаган адамдар аркылуу жөнөтөт. Элчи Пабыл жазгандай: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (2 Кор.1:4).
Сооротуу деген эмне? Алгач ал эмне эмес экендигин көрүп алганыбыз пайдалуу болоттур. Сооротуу — бул бекем жана кайраттуу болууга чакырык эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдарда кыйынчылыктар боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасоо эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып тургандыгы жөнүндөгү туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы убактысы келгенде пайдалуу болушу мүмкүн, бирок булар биздин сооронууга болгон муктаждыктарыбызды толтура албайт.
Адамдар биздин оор абалыбызды сезип жана биз менен кошо кайгыруусу аркылуу бизди соорото алышат. Ыйса Өзү да досу Лазар өлгөндө сооротуу кызматын көрсөтүп берген (Жак.11 бөлүмдү караӊыз). Ыйса Лазардын карындаштары Марта менен Мариянын үйүнө келгенде, алар менен чогуу ыйлаган (33–34 — аяттарды караӊыз). Андан кийин гана Ал Өзүнүн ажайыбын — Лазарды өлгөндөн тирилтүүсү аркылуу көрсөткөн (38–44 — аяттарды караӊыз).
Эмне үчүн Ыйса кайгыдан азап тартып жаткан Марта менен Марияга: «Ыйлаштын кереги жок, Лазар жакында тирилет» — деп айткан эмес? Анткени ошол учурда алар кайгысын теӊ бөлүшкөн адамга муктаж болуп турушкан. Ыйса алардын кайгысы менен көз жашын теӊ бөлүшүп, алардын муктаждыгын толтуруп берген. Андан кийин гана Ал керемет жасап, алардын кайгысын кубанычка айланткан.
Биз кыйналып жатканда жалгыз эмес экенибизди билишибиз керек, ошондо гана биз соороно алабыз. Пабыл элчи да бизди: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) — деп үйрөткөн. Сиз кайгырып жаткан учурда, адамдар сизди кайраттуу болууга чакырып же болуп жаткан окуянын себептерин түшүндүрүүгө аракет кылуу менен сизди сооротууга аракет кылышат. Албетте, бул адамдар сизге жакшылык каалап жатканы жана сиз үчүн кам көрүп жатканы шексиз. Бирок алар чыныгы сооротуу деген эмне экендигин билбеши мүмкүн. Ошондуктан сиз муктаж болгон сооронууну бере алган Даг Шоуга окшош адам жаныӊызда болоруна үмүттөнүү керек. Кимдир бирөө сиз менен чогуу кайгырып, капаланып, керек болсо чогуу ыйлаганы аркылуу сиз Кудайдын кам көрүүсүн сезе аласыз. Даг Шоу — оор жагдайларга туш болгон адамды соорото алган достун эӊ жакшы үлгүсү.
Демек, сиздин биринчи кадамыӊыз — сиз үчүн кам көргөн адамга өзүӊүздүн көйгөйүӊүз менен бөлүшүү керек. Бул сиз ишене алган Даг Шоуга окшогон жан сооротуучу, жыйын кызматчысы же эр жеткен машаякчы досуӊуз боло алат. Бирок көйгөйлөрүӊүздү ачык айтып берүү жана сооронуу менен эле бардыгы бүтүп калбайт. Бул жөнүндө Кен Майерс да жакында билет.
Кендин окуясы
Жекшемби күндөгү жыйында Кен дайыма башка нерселерге алаксый берген адаты бар эле, бирок бүгүн насаат сөзү айтылып жаткан кезде, ал оюн бир жерге жыйнай албай, өзгөчө кыйналды. Ата-энеси жана карындашы Хилари менен бир катардагы отургучта отуруп, парадоксалдуу абал жөнүндө ойлонуп отурду. Жыйындын көз алдында Майерстердин үй-бүлөсү эӊ эле жеткилеӊ машаякчылардын үй-бүлөсүндөй көрүнчү. Бирок Кен үчүн бул таптакыр эле үй-бүлөгө окшош эмес эле. Ата-энеси анын укуктарын чектеп, күнүмдүк жашоонун кубанычтарынан ажыраткан түрмө сакчыларындай болчу, ошондуктан алардан кутулуу үчүн камак мөөнөтү өтүшү керек. Ал эми бул мөөнөт ал он сегизге чыкканда гана бүтүп, эркиндикке чыга алат. Кен Даг Шоу менен сүйлөшкөнү, анын ата-энеси жана жакшы досу Тодд менен болгон мамилесин бир аз да болсо өзгөртө алабы же жокпу деп ой жүгүртүп жатты. Саат он бирден өткөндө Кен Даг менен жекшембилик сабак өтчү бөлмөдө жолугушту. Ал ата-энесине Даг экөөнүн жолугуп жатканынын себебин айткан жок, анын ордуна ал аларга Даг аны менен сүйлөшкүсү келип жатканын гана айтып койду. Атасы да, энеси да Кендин калуусуна дароо макул болушту. Алар он экиде жыйындын алдында көрүшүүнү макулдашып алышты.
— Үйдөгү иштериӊ кандай, Кен? Экөөбүз сүйлөшкөн күндөн бери бир нерсе өзгөрдүбү? — деп сөздү баштады Даг.
Кен ийинин кууштуруп койду да:
— Жок, бардыгы мурдагыдай эле. Мен өзүмдү ушул үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезбейм. Мен ал жерде жашайм, тамактанам, уктайм, бирок атам менен апам менин бар экенимди дагы байкашпайт. Аларга жакпаган нерсени жасаганымда гана мени көрүшөт. Алар дайыма мени урушуу үчүн себеп табышат, — деди.
— Сен каалаган жакын мамилени көрбөй жатканыӊ үчүн өкүнүп турам, — деди Даг. — Экөөбүз кафеде сүйлөшкөндөн бери, мен сен үчүн сыйынып жүрөм, анктени сен үчүн тынчсызданып жатам.
Кен уялгансып башын ылдый салып:
— Рахмат, — деди. Дагдын кам көргөн мамилеси жана анын сыйынуулары ага канчалык маанилүү экендигин сөз менен жеткире алмак эмес. — Мага берип жиберген катыӊ үчүн да рахмат. Ал мага абдан жардам берди.
— Мен сага суроо берейин, Кен, — деп сөзүн улантты Даг. — Бул сенин ата-энеӊ менен мамилеӊдин көйгөйүн тереӊирээк көрүүгө жардам берет. Ошондой эле ата-энеӊ жана Тодд менен кантип сүйлөшүү керектигин ойлонуп чыгууга жардам берет.
Кен башын ийкеп:
— Ооба, албетте, сурай бер, — деди.
— Сен ата-энеӊе: «Апа, ата, менин курсагым ачты! Кечинде эмне жейбиз?» деген сыяктуу суроолорду бердиӊ беле?
Кен таӊ калганынан кашын көтөрүп, Даг эмне дегиси келип жатканын түшүнбөй:
— Ооба, албетте, жумасына беш жолу. А эмне… — деди.
Даг анын сөзүн аягына чыгарбай:
— Сенин ата-энеӊ дайыма сенин курсагыӊды тойгузчу беле? — деп сурады.
— Албетте, — деп жооп берди Кен. Ал дагы деле тамактануу анын көйгөйүнө кандай тиешеси бар экендигин түшүнбөй жатты. — Алар үйдө жок кезде да, мен дайыма муздаткычтан жей турган бир нерсени таап алам. А эмне үчүн сен муну сурап жатасыӊ?
— Мен сага дагы бир суроо берейин, ошондо сен бардыгын түшүнөсүӊ, — деди Даг. — Сен алардан качандыр бир кезде: «Мен өзүмдү жалгыз сезип жатам, мени менен он беш мүнөттөй жанымда боло аласыӊарбы?» деп сурадыӊ беле?
Кен Дагды карады: ал кандайдыр бир сырды билгендей жана азыр ошол сырды ачып бере тургандай көрүнүп турду.
— Албетте, жок, — деди акырында Кен. — Чоӊ эле жигит ата-энесинен ошентип сураганын элестете аласыӊбы? Мындай болбойт да.
— Бирок, сенин кардыӊ ачканда, сен алардан коркпой эле тамак сурап жатасыӊ да, туурабы? — деп сурады Даг.
— Мм, ооба.
— Анда эмнеге, сенде башка муктаждыктар болгондо, алар жөнүндө ата-энеӊе сыпаалык менен айта албайсыӊ?
Кен унчукпай калды, анткени эмне деп айтуу керектигин билбей жатты. Ал ата-энесине өзүнүн сезимдери жөнүндө айтуу керектигин эч качан ойлогон эмес эле.
Бирок Даг анын жообун күткөн деле эмес окшойт, себеби ал сөзүн улантып:
— Сен мага айтып бергенден мен бир нерсени билдим. Менимче, эгерде алар сени кез-кезде угуп турушса жана сенин жактырган нерселериӊе бир аз да болсо кызыгып турушса, сенин алар менен болгон мамилеӊ жакшырмак деп ойлойм, — деди.
— Ооба, жакшы болмок, — деп Кен жылмайып койду, ал үчүн мындай көрүнүш мүмкүн эмес эле.
— А эгерде алар сен жасаган жакшы иштериӊди көргөн сайын мактап турушса, сен өзүӊдү кандай сезер элеӊ?
Кен каткырып күлдү:
— Анда, мен аларды акылынан адашып калганбы деп ойломокмун, — деди.
Даг да жылмайып койду.
— Буга олуттуураак карап көрөлүчү, эгерде ушундай боло турган болсо, анда алар менен болгон мамилеӊ сен күткөндөй болот беле? Алар сени жакшы көрөрүн сезе алат белеӊ? — дем сурады.
Кен эч тайманбастан:
— Ооба, албетте, бирок… — деди эле.
Даг колу менен токтотту да, анын сөзүн бөлүп:
— Эгерде сен ата-энеӊден эмнени каалап жатканыӊды аларга айтпасаӊ, алар сенин сезимдериӊди кантип билмек эле? — деди.
Ал Кендин жообун күтпөстөн сөзүн уланта берди.
— Кен, сенде, башка адамдарда болгондой эле, белгилүү бир эмоционалдык муктаждыктар бар. Сенин денеӊ тамакка муктаж болгондо ата-энеӊе айтасыӊ, анан алар сенин бул муктаждыгыӊды толтурушат. Эгерде сен аларга өзүӊдүн эмоционалдык жактан ачка болгонуӊду, алардын көӊүл буруусуна жана кубаттоосуна муктаж экениӊди айтсаӊ, алар сенин бул муктаждыктарыӊды да толтуруп берүүгө аракет жасашат деп ойлойм, анткени мен ишенем, алар сени аябай жакшы көрүшөт.
— «Аларга айтуу» дегениӊ кандай? — деди тынчсыздана Кен.
— «Аларга айтуу» деген аларга айтып берүү, — деп жылмая түшүндүрдү Даг. — Алар менен чогуу отуруп алып, өзүӊдүн муктаждыктарыӊды айтып бер, анан сыпаалык менен алардын жардам берүүсүн сура. Так эле ушинтип Тодд менен да сүйлөшүп көр. Сен экөөӊөрдүн мамилеӊерден эмнени күтүп жатканыӊды айтып бер.
Муну укканда Кен ордунан туруп алып, бөлмөнүн ичинде ары-бери толкундана баса баштады.
— Билбейм, мен ата-энеме ушунун бардыгын айта аларыма көзүм жетпейт.
— Албетте, айта аласыӊ, — деди кайраттуу үн менен Даг. — Кааласаӊ, мен сени менен чогуу барам.
Кен турган жеринде катып калды да:
— Сен менин ордума ата-энем менен сүйлөшөсүӊбү? — деп сурады.
— Сенин ордуӊа эмес,
Кен уккан кулагына ишене албай турду.
— Сен чындап эле ошентесиӊби?
— Албетте, бирок сен муну кааласаӊ гана, — деди Даг. — Андан кийин сен Тодд менен кантип сүйлөшүү керектигин билип каласыӊ.
— Бул аябай сонун болмок, — деди Кен жеӊилдене үшкүрүп.
Даг Кендин ата-энеси менен чыӊалып турган мамилеси жөнүндө ой жүгүртүп жана сезимдерин тактап, тизмелеп чыгуусуна жардам берип, алар дагы кырк мүнөттөй отурушту. Алар Кендин мурда толтурулбай жүргөн үч эмоционалдык көйгөйүн тактап алышты. Андан соӊ алар Кендин ата-энеси менен сүйлөшүүсү жемиштүү болуусун сурап, Кудайга сыйынышты. Анан акырында Даг Кенге атасы жана энеси менен мамилелери жакшыргандан кийин, ушул эле процессти кайрадан кайталап чыгуусун кеӊеш кылды.
Кендин атасы аны алып кетүүгө келген кезде, Даг андан кечке маал алардын үйүнө барууга уруксат сурап:
— Биз Кен экөөбүз сиз менен сүйлөшөлү дедик эле, — деди сыпаалык менен.
Майерс мырза каршы болгон жок.
Үйүнө бара жатканда Кен унчукпай отурду, бир жагынан ал кечинде боло турган сүйлөшүү жөнүндө ойлонуп тынчсызданып жаткан эле, бирок башка жагынан, ал ата-энеси менен болгон мамилеси жакшы жагына өзгөрөрүнөн үмүттөнүп жатты.
Ата-энеси менен келише албай жаткан мамилесин чечүү үчүн, Кен өзүнүн насаатчысынын сооротуусунан да көбүрөөк нерсеге муктаж эле. Сиз дагы…
Биринчиден,
Даг Кенди кантип колдогону жөнүндө ойлонуп көрсөӊүз. Ошондой эле Даг Кен үчүн сооронучтун булагы да боло алган. Ал Кенге өзүнүн эмоционалдык муктаждыктарын тактап чыгуусу үчүн кандай кадамдарды жасай аларына жардам берип, ата-энеси менен сүйлөшүүсүнө жардамын сунуштады. Жаныӊызда сиздин кайгыӊызды кошо бөлүшкөн адамдын бар болгону жакшы, бирок ушул кайгынын себеби болгон жаӊжалды же чыр-чатакты жоюуга кимдир бирөө жардам берсе, андан да жакшы.
Сизге бирөөлөрдүн жардам берейин деген сунушун этибарыӊызга албай же андан таптакыр эле баш тартууну каалашыӊыз ыктымал. Сиз бардыгын өзүӊүз эле жасап кое алам деп эсептешиӊиз мүмкүн, же башка адамдарды өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүз менен тынчын алууну каалабайттырсыз. Бирок мындай кылбаӊыз. Сиздин жашооӊузда сиз башка адамдардын жардамына муктаж болгон күндөр болорун Кудай билет, ошондуктан Ыйык Жазуудагы Галаттыктарга жазылган катта (6:2) бул тууралуу сөздөр жазылган. Башка адамдарга сизге жардам берүүсүнө жол бериӊиз жана алган жардамыӊыз үчүн ыраазы болуӊуз. Анткени сиздин башыӊызга кыйынчылык түшкөн мезгилде, Кудай ушундай жол менен сиз үчүн кам көргөнүн көрсөтүп жатат.
Сиз иш жүзүндөгү жардамга муктаж болуп жатасыз дейли, бирок эч ким сизге өз жардамын сунуштабай койсо кандай болот эле? Ошондуктан сураӊыз. Өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүздү жакын, ишенимдүү досуӊузга, жаштар кызматынын жетекчисине же жыйын кызматчысына айтып берип, алардан жардам алыӊыз. Жардам суроонун туура эмес жери жок. Көпчүлүк учурда адамдар жардам берүүнү каалашат, бирок эмне кылышты билишпейт. Ошондуктан аларга сиз кандай жардамга муктаж экендигиӊизди айтып берип, сизди колдоосуна көмөктөшүӊүз.
Экинчиден
Жана дагы бир ирет кайталап кетмекчимин, эгерде муктаж болуп турганыӊызда сизди эч ким кубаттабай жатса, анда сураӊыз. Сиз үчүн кам көрүп жаткан адамга: «Мени кучактачы» же «Менин жанымда болуп турчу» — деп сурануу кадимки эле көрүнүш.
Кен түшүнгөндөй, башкалар менен мамилени оӊдоо үчүн, кандайдыр бир кадамдарды кабыл алыш керек болгон. Эгерде сиз башка адамдар менен келишпей жатсаӊыз, анда алар өздөрү мамилелешкенди билишпейт жана алар менен сүйлөшүү кыйын деп ойлосо болот. Бирок андай эмес да болушу мүмкүн, кээде мындай мамиленин түбүндө тереӊ себептер катылып турат. Даг Кенге көрсөтүп бергендей, чатакташуунун себептери сиздин эмоционалдык муктаждыктарыӊыздын канааттандырылбаганы болушу мүмкүн.
Ар бирибизде муктаждыктар бар — денебиздин тамак-ашка, эс алууга жана коопсуздукта болуу муктаждыктары жана рухубуздун кечиримге, Кудай менен сүйлөшүүгө жана күнөө менен абийирдин сотунан эркин болууга муктаждыгы бар. Ошондой эле сүйүү, туруктуулук жана бирөөгө керек экенибизди билүү сыяктуу да эмоционалдык муктаждыктарыбыз бар.
Сиз бир нерсеге муктаж болгонуӊуз үчүн уялбашыӊыз керек, анткени Кудай сизди ушундай муктаждыктары бар кылып жараткан жана аларды толтуруп берүү үчүн керектүү каражаттар менен камсыздап койгон. Биз Ыйык Жазууда: «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыӊарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даӊктуу байлыгы менен толуктайт» (Флп. 4:19) — деп жазылганын билебиз. Бул аятта: Кудайдын сиздин муктаждыктарыӊыз жөнүндө билери, Ал муктаждыктарыӊызды толтуруп берүүнү каалары жана Кудай аларды «Өзүнүн даӊктуу байлыгы менен» толуктап бере алат экендиги жөнүндөгү үч фактыны көрүп жатабыз.
Сиздин кээ бир муктаждыктарыӊызды Кудай сиздин Аны менен тыгыз мамиледе болгонуӊуз аркылуу толуктайт. Себеби Ал — бардык муктаждыктарды толуктаган булактын өзү жана Ал сизди баталагысы келет. Бирок сиздин муктаждыктарыӊыздын маанилүү бөлүгүн башка адамдар аркылуу толуктала тургандай кылып жаратып койгон. Сиздин жашооӊуздун ушул этабында эмоционалдык муктаждыктарыӊызды толуктоонун түздөн түз жолу — бул ата-энеӊиз менен болгон мамилеӊиз. Кудай сиздин үй-бүлөӊүздүн башка мүчөлөрүн же жыйын кызматчыларын да колдонуп, сиздин муктаждыктарыӊызды толтура алат; бирок сиздеги муктаждыктарды толтуруу үчүн, мунун ичине эмоционалдык муктаждыктар да кирет, Кудай ата-энеӊизди эӊ негизги булак катары колдонот.
Сиздин эмоционалдык муктаждыктарыӊыз кандай? Сиз да, Кен сыяктуу эле, бул суроонун жообун билбешиӊиз мүмкүн. Ошондой эле ата-энеӊиз менен досторуӊуз сиздин ушул муктаждыктарыӊызды толтура албай жатканынын себеби, алар бул тууралуу билбеши мүмкүн. Бирок элестетип көрсөӊүз, эгерде сиз өзүӊүздүн муктаждыктарыӊызды аныктап алып, аларды ата-энеӊиз менен бөлүшүп, алар менен чогуу (аларга каршы эмес) ушул муктаждыктарыӊызды толтуруу үчүн аракет жасасаӊыз кандай болот жакшы эле. Ошондой эле ушул процесс сиздин досторуӊуз менен мамилеӊизде да кандай жардам бере алары жөнүндө ойлонуп көрүӊүз.
Адамдар менен мамилелешүүдө эӊ эле көп толтурулбаган алты эмоционалдык муктаждык бар. Булар: көӊүл буруу, ыраазы болгонун билдирүү, кубаттоо, кабыл алуу, сыйлоо жана сүйүү. Кудай бизди ушул нерселерге муктаж боло тургандай кылып жаратып койгон, ошондуктан Ал бул муктаждыктарыбызды толтуруу үчүн, бизге ата-энени жана досторду берген. Ушул муктаждыктар аныкталбаган жана алар жөнүндө башкалар билбеген кезде жаӊжалдашуу пайда болот. Даг айткандай, сиз кардыӊыз ачып, тамак жегиӊиз келгенде ата-энеӊизге айтасыз да. Анда эмне үчүн сиз аларга өзүӊүздүн эмоционалдык муктаждыгыӊыз жөнүндө айтпайсыз?
Төмөндө жазылган алты муктаждыктын экөөсү же үчөөсү сиз үчүн өзгөчө жакын болушу мүмкүн. Ушул учурда сиз так ушул нерселерге муктаж болуп жаткандырсыз. Келечекте алар жөнүндө ата-энеӊиз менен сүйлөшкөнүӊүз пайдалуу болот.
Көӊүл буруу. Биздин көӊүл бурууга болгон муктаждыгыбыз башкалар биз жөнүндө жана биздин жашообуз жөнүндө кызыкканда толтурулат. Эгерде төмөндө жазылган ырастоолордун бири же экөөсү сиз үчүн чындык болсо, анда сиздин көӊүл бурууга болгон муктаждыгыӊыз толтурулбай жатканынын белгиси:
Ата-энем же досторум мени угушпайт жана сөздөрүмө көӊүл бурушпайт.
Ата-энемдин же досторумдун мен үчүн убактысы жок.
Ата-энем же досторум мени барк алышпайт жана тоотушпайт.
Ата жана энем мени менен чогуу бир нерсе жасаганы өтө сейрек.
Менин досторум мен каалаган нерсени эч качан жасагылары келбейт.
Ата-энем мени менен чогуу мага кызыктуу болгон (концерттерге, спорттук оюндарга ж. б.) жерлерге барышпайт.
Ыраазы болгонун билдирүү. Башкалар биз жасаган кандайдыр бир ишке өздөрүнүн ыраазычылыгын айтканда же бизди мактап койгондо, өзүбүздү жакшы сезе алабыз. Эгерде төмөндө жазылган ырастоолордун ар бирине кошулсаӊыз, анда сиздин мактоо сөздөрүн угууга болгон муктаждыгыӊыз толтурулбай жатканын билдирет:
Мен үйдөгү иштерди жасаганымды ата-энем көп учурда байкашпайт.
Атам менен энем менин жүрүм-турумумдун жаман жагын гана көп айтышат, ал эми мен жакшы нерселерди жасасам, ал жөнүндө эч качан сөз кылышпайт.
Менимче, ата-энем же досторум менин жакшы сапаттарымды билишпейт.
Мен дээрлик «рахмат» деген сөздү ата-энемден да, досторумдан да укпайм.
Кубаттоо. Биздин кубаттоого болгон муктаждыгыбыз башкалар биз жасаган ишти көрүп мактаганда жана биз жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып жатканда толукталат. Төмөндө берилген ырастоолор — өспүрүмдүн кубаттоого болгон муктаждыгы ата-энеси же достору тарабынан толтурулбай жатканынын белгиси. Булар сизге да тиешелүүбү?
Мен эмне кылсам да, ата-энеме же досторума жакпайт.
Мен ата-энемдин же досторумдун жактырганына татыктуу боло албай тургандай сезилет.
Ата-энем же досторум мени дайыма сынга алып турушат.
Кээде ата-энем же досторум мени жараксыз адам катары сезүүгө мажбур кылышат.
Кабыл алуу. Башка адамдар биздин кемчиликтерибизди жана алардан айырмаланып турганыбызды билип турса да, баары бир бизди сүйүп жана бизди кабыл алып жатканы аркылуу сезе алабыз. Кабыл алуу жетишсиз болуп жаткан адам өзү жөнүндө төмөндө жазылган сөздөрдү айта алат:
Ата-энем же досторум, мен алар каалаган нерсени жасаганда гана мага көӊүл бурушат.
Атам менен энем мен аларга окшош эмес экенимди кабыл алгылары келбейт.
Кээде мен өзүмдү үй-бүлөмдүн мүчөсү катары сезбейм.
Ата-энем менен досторум мага мен эч нерсени билбеген адам катары мамиле жасашат.
Мен катачылык кетиргенде ата-энем жана досторум мени кечире алышпайт.
Сыйлоо. Башка адамдар бизди жогору баалап жатканын сезгенде, биздин урматталууга болгон муктаждыгыбыз канааттанат. Эгерде ата-энеӊизден сизди сыйлаганын сезбей жатсаӊыз, анда төмөндө жазылган ырастоолордун жок дегенде бирөөсүнө кошула аласыз:
Мага ар дайым кыйкырып жатышкандай сезилет.
Үйүмдө жалгыз боло албайм.
Менимче, ата-энем же досторум мага ишенишпейт.
Атам менен энем мага жаш балага мамиле жасагандай мамиле жасашат.
Ата-энем мени ар дайым текшерип турушат.
Сүйүү. Сүйүүнү кучактоо, кол тийгизүү же жагымдуу назик сөздөр аркылуу көрсөтүүгө болот. Ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү мамилесинин жоктугу төмөндөгү ырастоолордо чагылдырылган.
Менимче, ата-энем мага караганда иниме же карындашыма жакшыраак мамиле жасашат.
Мен ата-энем же досторум менен көбүрөөк жакын болгум келет.
Ата-энем мени сүйөөрүн эч качан айтышпайт.
Атам менен энем азыр мени чанда гана кучактап өбүшөт.
Ата-энемден же досторумдан алар мага жакын экендигин сезбейм.
Ата-энем мени сүйөөрүн билем, бирок иш жүзүндө бул таптакыр көрүнбөйт.
Жогоруда жазылган муктаждыктардын кайсылары азыркы учурда сиз үчүн өтө актуалдуу? Сыйыныӊыз жана ата-энеӊизди, досторуӊузду сыйлоо менен, аларга өзүӊүздүн ушул тынчсызданууларыӊызды бөлүшүӊүз, андан кийин алар менен чогуу эмне жасай ала тургандыгыӊызды көрө аласыз.
Ушул эле мезгилде муктаждыктарды толтуруу — бул эки тараптуу жол экендигин эсиӊизден чыгарбаӊыз. Себеби сиздин ата-энеӊиз жана досторуӊуз да көӊүл бурууга, ыраазычылык сөздөрдү угууга, кубаттоого, кабыл алууга жана сүйүүгө муктаж. Сиз өзүӊүз ушул муктаждыктарды толтуруунун негизги булагы болушуӊуз керек эмес болсо да, аларга жардам берип, ортоӊордогу мамилени жакшыртышыӊыз керек.
Ата-энеӊизге же досторуӊузга өзүӊүздүн муктаждыктарыӊызды кантип айтсаӊыз болот? Бул маселени Кен Майерс өзүнүн досу жана насаатчысы болгон Даг Шоунун жардамы менен кантип чечкендигин көрөлү.
Кендин окуясы
— Апа, ата, мен Даг менен сүйлөштүм, анан ал менин жашоомдогу кээ бир нерселерди көрүүмө жардам берди, — деди Кен. Ал ушунчалык толкундагандыктан эмне деп сүйлөштү билбей жатты. Жекшемби күн аяктап калган эле. Кен үй-бүлөсү менен чоӊ бөлмөдө отурушту, Даг да алар менен чогуу болчу. Кендин карындашы курбуларынын үйүнө кеткен эле.
Кен сөзүн улантып:
— Биз сүйлөшүп жатканда, силер мен үчүн канчалык жакшы кам көрүп жатканыӊарды түшүндүм. Мен жашай ала турган жылуу үйүм бар, силер мени ачка калтырган жоксуӊар, кийим-кече жана дагы башка нерселер менен мени камсыздап жатасыӊар. Мен силерге ушунун бардыгы үчүн ыраазы экенимди айткым келди. Жана дагы… — деди Кен, тамагы буула түшүп. — Мен… мен экөөӊөрдү теӊ абдан жакшы көрөм.
Бул сөздөрдү айткандан кийин Кен ата-энесинин жүзүнөн билинер-билинбес жылмаюуну байкады.
— Биз да сени жакшы көрөбүз, Кеннет, — деди апасы. Атасы болсо макулдугун билдирип, башын ийкеди.
Кен тамагын тазалай жөтөлдү. Ал үчүн сүйлөө өтө кыйын болуп жатты, ал Дагды ата-энеси менен сүйлөшүүгө калтырып коюп, өзү бөлмөдөн качып кетүүнү каалап жаткан эле. Бирок ал бул маекти өзү улантуусу керектигин жакшы түшүнүп турду.
— Силер менин бардык муктаждыктарым жөнүндө кам көрүп жаткандыктан, мен… мм… мага силердин дагы бир жардамыӊар керек экенин айткым келип турат. Мүмкүнбү?
— Албетте, Кен, — деди атасы. Анан алар анын эмне дээрин күтүп туруп калышты.
Кен тынчсыздана кыймылдады, анан Дагды бир карады да, сөзүн баштады.
— Мен силердин кубаттооӊорго өтө муктаж экенимди сезип жатам. Мен көп нерсени туура эмес кылып жатканымды билем жана силер да мага дайыма ушуну айтасыӊар. Мени кээде оӊдоп туруу керек. Бирок мен кандайдыр бир жакшы нерсени жасаган кезде, силер ошону байкасаӊар, мага абдан жардам бермек. Силер жөн гана менин жакшы иштеримди колдойт экениӊерди билишим керек. Мен силерден жакшы сөз укпаган кезде, бардыгын туура эмес же жаман жасап жатамбы деп ойлоно баштайм. Ошондуктан эгерде силер менин жакшы ишти жасап жатканымды көрсөӊөр, мага айта аласыӊарбы?
Кен ушунчалык толкунданып тургандыктан, ата-энесинин көзүнө карай албай жатты. Ал Дагды бир карады эле, ал аны кубаттаган түр менен жылмайып койду, анын жүзүнөн: «Азаматсыӊ!» деген сөз окулуп турду. Андан кийин Кен унчукпай күтүп калды.
Бир саам унчукпай отургандан кийин Кендин атасы:
— Сен чын эле, биз сени жактырбайт деп ойлойсуӊбу? — деп сурады.
— Ооба, ата, кээде. Өзгөчө, менин мектептеги жаман бааларым жөнүндө, менин кийингеним жөнүндө, менин бөлмөмдөгү ирээтсиздик жөнүндө укканда ушундай болот.
Кен бул тизмени дагы улантайын деди, бирок абалды курчутуунун кереги жок экенин түшүндү.
— Кеннет, сен биздин уулубузсуӊ жана биз сени менен сыймыктанабыз, — деди атасы. — Биз муну сага жакшылык каалагандыктан жасап жатабыз да.
Кен башын ийкеп:
— Мен билем, ата. Бирок дайыма эле өзүмдүн туура эмес жасаган нерселерим жөнүндө уга бергенде, кызыгуумдун баары жоголуп калат экен. Мисалы, өткөндө, сен менин плееримди алып кетип калган күнү кечинде, мен үй тапшырманы жасап жаткан элем жана аны жарымына чейин бүтүп калгам. Бирок сен муну байкаган жоксуӊ. Анын ордуна, сен мен угуп жаткан музыка канчалык жаман экендигин жана менин начар иштеп жатканым жөнүндөгү гана сөздөрүӊдү уктум, — деди.
Ушул кезде Даг алардын сөзүнө кийлигишип:
— Кен, балким, сен ушуга окшогон учурларда атаӊдан кандай сөздөрдү угууну каалайт экениӊди айтканыӊ жакшы болоттур, — деди.
Кен бир аз ойлоно калды. Андан соӊ атасына кайрылып:
— Ошондо сен мага: «Үй тапшырмаӊ кандай?» — деп сураганда, мен сага дептеримди көрсөтөт элем, андан соӊ сен: «Азаматсыӊ, азырынча бардыгы жакшы. Жардамым керек болсо, чакыр. Бирок байкагын, угуп жаткан музыка сени алаксытып койбосун» деген сыяктуу сөздөрдү айтсаӊ, мен өзүмдү кыйла жакшыраак сезмекмин, — деди.
Кен өзүн бир аз жеӊилдене түшкөндөй сезди, ал атасынын анын сөздөрү жөнүндө ойлонуп турганын карап турду. Бир аздан соӊ атасы башын ийкеп:
— Менин оюмча, сен эмне дегиӊ келип жатканын түшүнүп турам, уулум. Мен ушунчалык бир тараптуу болгон экенимди билген да эмесмин. Ошол кечте жана башка күндөрү да сага катаал мамиле жасаганым үчүн кечирим сурайм. Сенин колуӊдан бардыгы келсе экен деп ушунчалык каалагандыктан, сенин жакшы иштериӊди байкабай калат турбаймынбы. Мени кечирип кой, Кен, — деди.
Кен ага жооп берүүгө жетише электе, апасы да анча көӊүл бурбай жүргөндүгү үчүн андан кечирим сурады. Анан Кен аларды кечиргендигин айткан соӊ, апасы аны:
— Биз сенин жакшы жүрүм-турумуӊду байкаганга жана бул жөнүндө айтып турганга аракет жасайбыз, — деп ишендирди.
Ата-энеси аны жакшы уккандыгы үчүн Кендин көӊүлү көтөрүлө түштү, анан ал өзүнүн экинчи муктаждыгына өттү — бул алардын көӊүл буруусу эле. Алар аны укпаганда, аны менен чогуу убакыт өткөрбөгөндө жана ал алектенген нерселерге кызыгуу көрсөтүшпөгөндө, өзүн канчалык жалгыз жана жаман сезчү экендигин айтып түшүндүрдү.
— Эгерде силер жөн гана менин бөлмөмө кирип, иштерим кандай экенин сурап, андан кийин мени угуп койсоӊор, сонун болмок, — деди Кен.
Атасы менен энеси кайрадан кечирим сурашып, мындан ары көӊүл бурууга убада беришти.
Кен ушуну менен эле токтоп калууга даяр эле. Ата-энеси анын сөздөрүн ушундай кабыл алат деп, ал эч күткөн эмес болчу жана аларды өзүнүн сезимдери менен мындан ары да кыйнай берүүнү каалаган жок. Бирок апасы:
— Кеннет, бизге ушул сөздөрдү угуу пайдалуу болду. Биз сени кыйнап жатканыбызды билген эмеспиз. Дагы айта турган сөзүӊ барбы? — деп сурап калды.
— Мм, дагы бир нерсе бар, — деди ал Дагды карап. Кен анын жүзүнөн колдоону издеп жатты. — Биз Даг экөөбүз сүйлөшүп жатканда, менде дагы бир өтө олуттуу муктаждыгым бар экенин… мен силердин сүйүүӊөргө муктаж экенимди түшүндүм. Мени колумдан жетелеп жүрүү үчүн, мен эми кичине бала эмесмин. Бирок кез-кезде мени кучактап, мага: «Мен сени жакшы көрөм» — деп айтып турганыӊарды каалайм.
Бул сөздөрдү угаар замат Кендин апасы ордунан тура калып, көзүнө жаш алып ага жакын келди да:
— Кен, бул сөздөрдү укканыма кубанып турам. Мен сени акыркы убактарда кучактабай калган элем, анткени сага жаш балага жасагандай мамиле жасашыбызды каалабайсыӊ деп корккон болчумун. Менде сен үчүн абдан көп сүйүү бар, мен эми сени көп кучактайм, — деди.
Кен ордунан турганда, апасы аны бекем кучактады. Анан аларга атасы да кошулду. Алар бири-бирин кучакташып, ыйлап бүтүшкөндөн кийин, Даг Майерстердин үй-бүлөсү үчүн кыскача сыйынды.
— Дагы бир нерсе, — деди Кен көз жашын колунун сырты менен аарчып. Анын жүзүндө бир башкача жылмаюу тартыла түштү. — Силер мени кучактап, өөп турушуӊарды каалайм, бирок досторумдун көзүнчө эмес, макулбу?
Муну укканда төртөө теӊ каткырып күлүштү.
Бир нече мүнөттөн кийин Даг кетиши керектигин айтканда, Кен аны узатып чыгууга жөнөдү.
— Рахмат, Даг, сага чоӊ рахмат… Сен билесиӊ… сен мага абдан жардам бердиӊ.
— Эч нерсе эмес, Кен, — деп жооп берди Даг. — Менимче, бардыгы жакшы болду. Сен азаматсыӊ жана ата-энеӊ да, менин оюмча, сени абдан жакшы көрүшөт.
Кен жылмайып башын ийкеди.
Даг эшикти ачып, сыртка чыкты. Андан соӊ ал жаш досуна кайрылып:
— Сен Тодд менен өзүӊ эле сүйлөшө аласыӊбы? Же мен сени менен барайынбы? — деп сурады.
Кен бир аз ойлоно түштү да:
— Рахмат, Даг, бирок менимче бардыгы жакшы болот. Ата-энем менен сүйлөшкөндөн кийин, Тодд менен кантип сүйлөшүү керектигин билип калдым. Менимче, өзүм деле сүйлөшө алам… сенин сыйынууларыӊдын жардамы менен, албетте, — деди.
— Сенин колуӊдан келерине ишенем, Кен, — деп ишендирди Даг үйдөн чыгып жатып. — Мен сен үчүн сыйынып турам. Бардыгы бүткөндө мага айтып кой, — деди.
Алар коштошуп, колдорун кысышты, анан Даг унаасына жөнөдү.
— Сөзсүз! — деп артынан кыйкырды, анан эшикти жапты. Ал досу Тодд менен сүйлөшө турганын ойлогондо, кандайдыр бир жагымдуу толкунданууну сезип турду. Ал Дагга жана ата-энесине бул сүйлөшүү жөнүндө жакшы кабар айтаарынан эч шектенген жок.
Сиз үйүӊүздөн толтурулбаган эки же үч эмоционалдык муктаждыктарыӊызды аныктап алган соӊ, ата-энеӊиз менен бул көйгөйдү чечүү үчүн, алар менен сүйлөшүүгө убакыт келди. Сиз ачык сүйлөшүүгө көнбөгөн адам болсоӊуз, анда бул кадам сиз үчүн өтө оор, керек болсо, коркунучтуу да сезилиши мүмкүн. Бирок эгерде сиз атаӊыз жана энеӊиз менен мамилеӊизди жакшыртууну кааласаӊыз, анда бул кадамды жасоо абдан маанилүү.
Төмөндө биз сизге ушул сүйлөшүүгө жардам бере ала турган бир нече кадамдарды сунуштайбыз.
Кен ата-энеси менен сүйлөшкөндөн кийин, алардын ортосундагы мамиле жакшы жагына өзгөрө баштаган. Атасы менен энеси Кендин жүрүм-туруму үчүн аны мактап, аны менен чогуу көбүрөөк убакыт өткөрүшүп жана көбүрөөк кучактап башташты. Кен болсо ата-энесинин ар бир колдоосу, көӊүл буруусу же сүйүүсү үчүн аларга ыраазы болууга аракет жасап жатты.
Ата-энеси менен сүйлөшүүдөн кийин, үмүткө толгон Кен досу Тодд менен сүйлөшүүгө да так ушундай болуп даярдана баштады. Тодд дос катары, анын урматталууга болгон муктаждыгын толтурбай жатканын түшүнгөндөн кийин, ал муну Тоддго жеткире алышы үчүн, Кудайдан жардам сурап сыйынды. Анан качан алар жолугушканда, Тодд алардын мамилесинин өзгөрүшүнө анча даяр эмес болду. Анын бул сүйлөшүүгө болгон мамилеси Кендин ата-энесиндегидей болгон жок. Бирок баары бир Кен бул сүйлөшүүгө да ыраазы болду жана алардын достугу бекемделиши үчүн үзгүлтүксүз сыйынууну чечти.
Кендин ата-энеси менен болгон мамилеси эӊ эле мыкты эмес. Кээ бир күндөрү алардын ортосунда түшүнбөстүктөр жана пикир келишпестиктер болот. Бирок Кен алардан өзүнүн муктаждыктарын толтуруп берүүсүн суранган күндөн бери абал кыйла жакшы болуп өзгөрдү. Ошондой эле Кен досу Тодд менен да мамилеси жакшы болот деп үмүттөнөт.
Сиз үчүн да үмүт бар. Башында сиз өзүӊүздүн муктаждыгыӊызды аныктап алыӊыз, ата-энеӊиз же жакын досуӊуз менен көйгөйүӊүздү бөлүшүӊүз, андан соӊ — бири-бириӊерге жардам бергиле.
Авторлор жөнүндө
ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматтын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатындагы Даллас шаарында жашашат.
ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажрыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.
Эскертүүлөр
1
Бул атактуу оюнчулардын сүрөтү жана арткы бетинде алар жөнүндө бир аз маалымат жазылган, анча чоӊ эмес открыткалар.